• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Муфтият ажыларды ташый турган авиакомпанияны тандады

Коом 0

Бишкек, 02.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын муфтияты ажыларды ташый турган авиакомпанияны тандады.

Маалыматка ылайык, муфтият Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда тандоо жарыялап, ага бир гана «Flaynas» авиакомпаниясы документ тапшырган.

Тандоонун жыйынтыгында 2022-жылдагы убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү ажыларды ташууда кызмат көрсөтүү үчүн «Flaynas» авиакомпаниясын тандап алышты. Учурда авиакаттамдарды уюштуруу, келишим түзүү жана башка уюштуруу маселелери чечилүүдө.

Белгилей кетсек, быйыл Сауд Аравия ажылык сапарга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 2 766 квота бөлдү. Ажылыктын баасы 4500 АКШ долларын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий