• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Муфтият: Ажылык сапарга катталган талапкерлердин документтери текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын мүчөлөрү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак жана Жалал-Абад шаарынан ажылык сапарга катталган жарандардын өздүк делолорун текшеришти. Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, текшерүү учурунда документтердин талапка ылайык электрондук системага киргизилгендиги каралып, операторлордун ишмердүүлүгү көзөмөлдөндү.

«Бүгүнтөн тарта Жалал-Абад, Ош, Баткен облусундагы жана Ош шаарындагы ажылардын талапка ылайык катталгандыгы боюнча текшерүү иштери башталды. Ушундай эле текшерүү иши Талас, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облусунда жүргүзүлмөкчү», - деди КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев.

Муну менен катар текшерүү учурунда операторлорго документтердин тактыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга атайын эрежелер боюнча сабак өтүлдү.

Эске сала кетсек, быйылкы ажылык сапарга талапкерлерди катоо 2019-жылдын 31-январында аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий