• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Муфтият: ажылык төлөм 25-30-апрель күндөрү жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы ажылык төлөм 25-апрелден 30-апрелге чейин "РСК банкында" иш убактысы бүткөнгө чейин кабыл алынарын эскертет.

Маалыматка ылайык, 2019-2020-жылдары ажылыктын электрондук базасына катталып, кезек күтүп турган 65 жаштан төмөн эркек махрамдары бар талапкерлер ажылык сапарына болгон төлөмдөрдү көрсөтүлгөн убактысында төлөшү керек.

Берилген мөөнөттө ажылыктын төлөмдөрүн төлөп жетише албай калган талапкерлер ажылыктын электрондук базасынан четтетилип, тизмеден чыгарылат.

Эскерүү: 2019-2020-жылдары ажылыктын электрондук базасына катталып, кезек күтүп турган 2-3-4-тобунда катталган талапкерлерди ичинен аял махрамды коштоп баруучу эркек махрамы 65 жаштан ашып, ажылыкка барууга мүмкүнчүлүк албай калса, аны жанында коштоп баруучу аял махрамдары 2019-2020-жылдары ажылыктын электрондук базасына катталып, кезек күтүп турган талапкерлердин арасында бөлөк жакын туугандары жок болсо, ал аялдарга ажылыкка болгон төлөмдөрдү төлөөгө уруксат берилбейт. Эгерде Кыргызстанга бөлүнгөн 2766 квотадан ажылык сапарына баруу үчүн төлөмдөрүн төлөп жаткан талапкерлердин саны 2766 квотадан ашып кетсе, ал жарандар 2023-жылдагы ажылыктын электорондук базасында кезеги сакталып калат.

Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлигинин чет элдик ажыларга койгон талаптары:

1. Ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин болуусу;

2. COVID-19 илдетине каршы эмделген болуусу;

3. Сауд Аравиясынын аймагына киргенге чейинки 72 сааттын аралыгында COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган күбөлүктүн бар болуусу.

Белгилей кетсек, быйыл ажылыктын баасы 4500 долларды түздү, көрсөтүлгөн баа өзгөрүүсү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий