• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Муфтият: Баңгизат менен кармалган адам имам эмес

Коом 0

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы “Өзгөндө имам баңгизаты менен кармалды”, - деген маалыматты четке кагат. Муфтияттан кабарлашкандай, Өзгөндүн Жылалды айылында 37,6 грамма баңгизаты менен кармалган адам имам болуп иштебейт.

“Кармалган адам Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы түзүлүшүндө буга чейин дагы иштеген эмес”, -деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, мындан бир нече күн мурун Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында имам баңгизаты менен кармалды деген маалымат тараткан.

Пикир

Оставить комментарий