• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Муфтият: Бишкекте 120 муктаж үй-бүлөгө жардам баштыкчалары таратылды

Коом 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Кечээ, 27-августта Бишкек казыятына караштуу «Айша» мечитинде «Коронавирус менен бирге күрөшөбүз!» деген ураан алдында 120 муктаж үй-бүлөгө жардам баштыкчылары таркатылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жардам берүү Мансурхан ажы Нарматовдун демилгеси менен ишке ашырылды.

«Жараткан Алла Тааланын жардамы менен коронавирус оорусун биргеликте жеңебиз. Ал үчүн бири бирибизге колдон келген жардамды аябайлы. Элибиз моралдык жана материалдык жактан да колдоого муктаж болуп турат. Мындай мезгилде четте карап турбастан «Ас- санабил» фондунун жардамы аркасында 120 муктаж үй-бүлө жардам баштыкчаларын тараттык», - деди Мансурхан ажы Нарматов.

Пикир

Оставить комментарий