• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Муфтият: Бишкектеги борбордук мечитте жума намазын окуу үчүн даярдыктар башталды

Коом 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы борбордук мечитте жума намазын окуу үчүн кызуу даярдыктар башталды. Бул тууралуу мечиттин чарбалык иштерин тейлөөчү кызматкери Кенжебек ажы Кекебаев билдиргендигин муфтияттан кабарлашты.

Анын айтуусуна караганда, аралыктар сакталып намаз окулгандыктан жума күнү орундар арбын болуусу талап кылынат. Учурда килемдер тазаланып, аралыкты сактоо боюнча атайын кызматкерлер даярдалууда.

«Борбордук мечит болгондуктан жарандарыбыз жума күнү арбын келишет. КР Саламаттык сактоо министрлиги жана муфтият тарабынан коюлган талаптарды так сактоо керек. Ошондуктан Бишкек шаарындагы борбордук мечитте даярдыктар талапка ылайык көрүлүүдө», - деди Кекебаев.

Эске сала кетсек, 28-августтан тарта Кыргызстанда жума намаздарын мечиттен окууга уруксат берилди.

Пикир

Оставить комментарий