• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Муфтият: Быйыл тогуз медреседе кошумча кесип үйрөткөн курстар ачылат

Коом 0

Бишкек, 01.03.19 /Кабар/. Кыргызстанда жаздан тарта медреседе окуган жаштарга жаңы кесип үйрөткөн социалдык долбоордун кезектеги этабы иштей баштайт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Жаштарга кесип үйрөткөн "АВЕП" коомдук фондунун жетекчиси Нурлан Токоновдун айтымында, республика аймагындагы медреселердин суроо-талабын, кайсы кесипти үйрөнүүгө маани беришерин анализдеп чыккандан кийин, быйылкы жылдын эсебинен тогуз медресе тандалып алынды. Жыйынтыгында 300 жакын уландар менен кыздар жаңы кесипке ээ болуп чыгышат.

Долбоор Кыргызстандын бардык облустарын камтып, бир катар диний окуу жайлардын тарбиялануучулары ар кандай багыттар боюнча кесиптик билим алышат. Адистиктер “Ашпозчу-кондитер”, “Ширетүүчү”, “Электромонтажник, “Тикмечи”, “Тиричилик техникаларын оңдоочу адис”, “Эмерек жасоочу уста”, “Слесарь-сантехник” жана “Компьютердик сабаттуулукка үйрөтүүчү адис” багыттары боюнча үйрөтүлөт.

"Биздин максат жаштарга сапаттуу билим берип, жашоо-турмушуна керектүү, пайдасы тийгидей болгон кесип үйрөтсөк дейбиз, – деди муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов. – Негизи медреседе окуган балдар зээндүү келишет экен. Жыйынтыгы абдан ийгиликтүү болуп жатат. Бүтүрүүчүлөрдүн теңинен көбү жумуш менен камсыз болуп жатышат".

Долбоордун алгачкы этабы 2015-жылы башталып, “АВЕП” коомдук фонду жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы алдында ишке ашырылган.

Медреселерде окуган жаштарды кесипке үйрөткөн жабдуулар менен камсыздап, окутуп, үйрөтүүгө кеткен чыгымдарды (методикалык окуу куралдарын иштеп чыгуу, окута турган мугалим-адистерди тандоо, алардын айлык акысы жана башка шарттары) толугу менен грант катары берип, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги каржылоодо. Былтыртан тарта долбоор Кыргызстандын бардык аймагын камтыган.

Төрт жыл аралыгына “Медресе жаштарын кесипке үйрөтүү” долбоорунун алкагында 1184 окуучу кесип үйрөнүп чыкты. Алардын ичинде 499у кыздар болгон. “Мониторинг кылуунун жыйынтыгында бүтүрүүчүлөрдүн 60-65% пайызы туруктуу жумуш менен камсыз болуп, иштеп жатканы аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий