• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Муфтият дин кызматкерлерине коронавирус боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды

Коом 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы коронавирустун алдын алуу максатында дин кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.

Муфтияттан билдиришкендей, алар тарабынан КР Саламаттык сактоо министрлигинин кайрылуусуна ылайык, коронавирустун алдын алуу алкагында өлкө аймагындагы казыят, хатибият, мечит, медресе жана окуу борборлору менен биргеликте жума намаздарында, сабактарда жана ошондой эле жыйындарда коронавирустун алдын алуу жолдорун элге түшүндүрүү боюнча тапшырмалар берилген.

"Муну менен катар муфтият республикадагы бардык мечиттерди таза кармоо, жайнамаздарды дезинфекциялоо жана калкка дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды", - деп билдиришти муфтияттан.

Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы КРСаламаттык сактоо министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык коронавирустан коргонуунун жолдорун эске алууга чакырат:

1) Колду самындап жуу же антисептикалык каражаттарды колдонуңуз;

2) Жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду, мурунду кагаз бет аарчы же чыканак менен жабыңыз;

3) Дем алуу жолдорунун курч вирустук оорусуна кабылган адамдар менен кучакташып, кол алышпаңыз;

4) Курч респиратордук вирустук инфекциянын белгилери (дене табынын жогорулашы, жөтөлүү, дем алуунун начарлашы) пайда болгон учурда айланадагыларга жуктурбаш үчүн медициналык беткаптарды тагыныңыз;

5) Бөлмөнү тез-тезден желдетүү жана нымдуу чүпүрөк менен тазалап туруу;

6) Эт жана жумуртканы жакшылап бышырып жеңиз;

7) Дене табыңыз жогорулап, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса тезинен дарыгерге кайрылыңыз.

Пикир

Оставить комментарий