• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Муфтият: Диний окуу жайлар бирдиктүү электрондук системага өтөт

Коом 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Кечээ, 5-ноябрда Бишкек шаарында "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү" жылынын алкагында республикадагы диний окуу жайларды бирдиктүү электрондук системага өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Анда өлкөнүн түндүк аймагындагы диний окуу жайлардын жетекчилерине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу жайлар бөлүмү атайын жыйын өткөрдү.

Диний окуу жайлардын жетекчилерине өткөрүлгөн жыйын 2018-2019-окуу жылындагы жетишкендиктер, балдардын окууга болгон кызыгуусун жогорулатуу жана өз ара байланышты бекемдөө, бирдиктүү окуу программасынын ишке ашуусу каралды.

Ал эми Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев диний окуу жайлардагы билим берүү системасын мындан дагы жакшыртуу керектигин айтып, өзгөчө бирдиктүү окуу программасынын алкагында окуу процесси жүрүүсү керектигин баса белгиледи.

"4 жылдан бери Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы бардык тармакты электрондоштуруунун үстүндө иш алып барып келет. Учурда ажылыкты уюштуруу иши толугу менен электрондоштурулду. Азыр КМДБнын билим берүү тармагын бирдиктүү электрондук системага өткөрүүнүн босогосунда турабыз. Буга ар бир диний окуу жай жардам берүүсү керек", - деди муфтий.

Пикир

Оставить комментарий