• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Муфтият экстремизмге каршы күрөшүүдө милиция менен чогуу иштейт

Коом 0

Бишкек, 18.02.19 /Кабар/. Муфтият экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүдө Ички иштер министрлигинин атайын кызматы менен чогуу иштейт. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Бул багытта иш алып бару үчүн муфтий Максат Токтомушев Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Жеңиш Жоробеков менен жолугушту.

Тараптар өлкөдөгү диний кырдаалды талкуулап, эки тараптуу кызматташууну бекемдөө тууралуу сүйлөшүштү. Муну менен катар жаштардын, элдин арсында түшүндүрүү ишин жүргүзүү боюнча талкуу болуп, биргеликте иш мерчемдерин иштеп чыгуу маселеси каралды.

Ошондой эле экстемизм, терроризмге жол бербөө, экстремистик агымдарга бөгөт кою иштерин алып баруу маселелери каралды.

Пикир

Оставить комментарий