• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Муфтият элден чогулган битир-садаканы муктаждарга таратууда

Коом 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (КМДБ) бүгүн, 11-июнда жыл сайын чогултулуучу битир-садакадан жыйналган акча каражаттарды арыздардын негизинде колунда жок жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратып берди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы маалымдайт.

Таратуу иш-чарасына муфтийдин орун басары Замир Ракиев жана КМДБнын аппаратынын иш башкармалык жана чарба бөлөмүнүн башчысы Алимбай Эргешов жана КМДБнын эсепчиси Султан ажы Момунов катышкан.

Муфтийдин орун басары өз сөзүндө учурдагы кырдаалдан улам өткөн жылга салыштырмалуу битир-садака аз топтолгонун белгилеп, муфтият жарандардын социалдык абалын эске алуу менен садака-битир алуу үчүн келгендерди түзүлгөн тизменин негизинде кезек-кезеги менен 3 топко бөлүп, ал атайын түзүлгөн коммиссиянын негизинде таратыла турганын баса белгилеген.

“Пандемияга байланыштуу быйыл садака-битир аз чогулду. Ошентсе дагы биз бир сомун калтырбастан муктаждарга таратып беребиз”, - деди Ракиев.

1. Жардамга муктаж, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө, I, II, III топтогу жана көзү азиз майыптарга (2500 сом, 10 кг ун);

2. Жашоо шарты начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө (2000 сом, 10 кг ун);

3. Батирде турган, үй-бүлөлөлүк социалдык абалы начар жарандарга (1500 сом, 10 кг ун) сом өлчөмүндө таратылып берилди.

Бүгүнкү күнгө карата бул жылы КМДБга садака-битир алуу үчүн 300дөн ашуун жаран арыз менен кайрылган. Алардын баарына этабы менен бөлүштүрүлүп, биринчи этабында 70 жаранга тапшырылып берилди.

Жалпысынан өлкө боюнча 2020-жылы фитир-садакадан 9,595 528 сом жыйналган. Бул каражаттын 4, 035 763 сому (40%) муфтияттын эсептик счетуна келип түшкөн. Ал эми 4, 790 804 сом (50%) жергиликтүү мечиттерде, 944020 сому облустук казыяттарда калган (10%).

Пикир

Оставить комментарий