• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Муфтият коронавируска каршы күрөшүү үчүн 700 миң сом бөлдү

Коом 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы айлыктын эсебинен коронавируска каршы күрөшүү үчүн жардам катары Саламаттык Сактоо министрлигинде ачылган атайын эсепке 700 миң сом которуп берди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда учурда COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14 кишини түзөт (6 эркек, 8 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Андан тышкары, Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка таянсак, Пакистанга дааватка кеткен кыргызстандык бир жарандан коронавирус илдети табылган.

Пикир

Оставить комментарий