• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Муфтият коронавирустук инфекциянын коркунучунан улам түлөө өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы коронавирус коркунучунан улам кудайдан амандык, тынчтык жана ооруп жаткандардын сакайып кетүүсүн тилеп түлөө өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага муфтий Максатбек ажы Токтомушев, муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев жана жергиликтүү жамаат катышкан.

Муфтий өз сөзүндө ата-бабалар бөөдө кырсыктан, ар кандай апааттардан, ооруга шыпаа берсин деп кан чыгарып, түлөө өткөргөнүн баса белгилеп, элдин амандыгын, биримдигин, мамлекеттин тынчтыгын, ооруп жаткандардын сакайып кетүүсүн тилеген.

“Жараткан Алла Таалам башыбызга келген оор сыноодон жеңил өткөрсүн. Оорудан каза болгон мусулман бир туугандарыбызга бейиштен төр насип этсин. Илдеттен жабыр тартып жаткан мусулман бир туугандарга эртерээк шыпаа берип, дарыгерлерибизге күч кубат, элибизге аманчылык берсин. Алла Таалам жакшы күндөрдү тартуулап, элибизди оору сыркоодон алыс кылсын. Элибизге биримдик берип, жергебизде тынчтык, өсүп-өнүгүү болсун. Жетекчилерге, башчыларыбызга адилеттүүлүк, күч кубат берсин. Ушул курмандык чалуубузду, түлөөбүздү Алла Таалам кабыл кылсын”, - деди Токтомушев.

Муфтияттан кошумчалашкандай, түлөөгө бир бодо мал союлуп, анын эти жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жеринде таратылды.

Пикир

Оставить комментарий