• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Муфтият маркумду узатуудагы ысырапкорчулуктун алдын алуу жөнүндө фатва чыгарды

Коом 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маркумду узатуудагы ысырапкорчулуктун алдын алуу жөнүндө фатва чыгарды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Фатвада «Курандан», хадистен бир катар мисалдар келтирилип, сөөк чыккан үйдө үч күнгө чейин казан асылып, тамак берилбеси эскертилет. Ошондой эле жакынын жоготуп, аза күткөн адамдын малын союп, аларга тамак жасатуу шариятта макүрөө болору белгиленет. Андан тышкары, маркумдун артында балакатка жете элек балдары калган болсо, мындай учурда жаназага келгендерге тамак берүү арам болуп калары айтылат.

Муфтият төмөнкү чечимдерди чыгарды:

1. Мусийбат болгон (азалуу) үйдө алгачкы үч күн ичинде мал союлуп келгендерге эч кандай дасторкон жайылып, тамак-аш берилбесин.

2. Маркумга атап, үчтүк, бейшембилик, кырктык, жылдык жана башка ушул сыяктуу аттар менен жайылып жаткан дасторкондор эч бир диний китептерибизде айтылган эмес.

3. Кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып, "жыртыш" таратып берүү, кийит кийгизүү шариятта жок.

4. Кабырдын үстүнө күмбөз жана башка нерселерди тургузуу шариятта жок нерсе, ысырапкерчилик. Күмбөз курганга кеткен акчаны жетим-жесирге, жакыр-муктаждарга берсе, сообу, пайдасы көбүрөк болот.

5. Фатваны аткаруу бардык Кыргызстан мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелинет.

Эскертүү : Аза күндөрү бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйдө атайын бир күндү белгилебей ошол үйдүн экономикалык абалына жараша, карыз албастан каалаган убакытта бир жолу кайрымдуулук иретинде (эхсан - Куран окутуу) өткөрүлсө жетиштүү болот. (Маркумга арналган эхсан-кайрымдуулукту кедей-жакырларга берсе дагы да максатка ылайыктуу болот).

Пикир

Оставить комментарий