• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Муфтият: Мечиттерде массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 14.03.20. /Кабар/. Күн мурун, 13-мартта Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин VI чакырылышынын чукул жыйыны өттү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда коронавирус (COVID-19) инфекциянын дүйнөдө пандемиялык деңгээлге чыккандыгына байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык чараларды көрүү жана алдын алуу максатында диний, маданий жана башка массалык иш чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө төмөнкүчө чечимдер кабыл алынды:

Коронавирустук инфекциянын пандемиялык деңгээлге чыккандыгына байланыштуу өлкөдө эпидемиологиялык чараларды көрүү жана алдын алуу максатында:

  • 1. Мечиттерде жана башка жайларда диний, маданий өңүттөгү массалык иш-чараларга, окуу ийримдерге, конференцияларга, семинарларга убактылуу чектөө киргизилсин.
  • 2. Жума намазга чейинки баяндарга убактылуу чектөө киргизилсин, зикир жана дубалар убактылуу кыска окулсун.
  • 3. Даават иштери боюнча тиешелүү чектөөлөр киргизилип, түшүндүрүү иштер жүргүзүлсүн.
  • 4. Сыркоологон адамдарга жана ден соолугу начар карыяларга мечитке келбей туруу сунушталсын.
  • 5. Мечиттер жана диний окуу жайлар тез-тез дезинфекциялоодон өткөрүлсүн.
  • 6. Мечиттин ичинде жана сыртында кол алышып саламдашуу, кучакташып учурашуу учурдагы кырдаалдан улам кооптуу экендиги эскертилсин.
  • 7. Ачык жана жабык типтеги диний окуу жайларды каникулга чыгаруу өлкөдөгү жалпы абалга жараша ишке ашырылсын.

Пикир

Оставить комментарий