• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Муфтият мечиттерде жума намазы убактылуу окулбай тургандыгын билдирди

Коом 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Өлкө боюнча мечиттер жабылбайт, бирок кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу окулбайт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу муфтият тарабынан бир катар тиешелүү чечимдерди кабыл алды.

Алар:
1. Кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулсун. Жума намазынын ордуна бешим намазы өз алдынча окулсун.
2. Беш убак намаз мечиттерде сактык чараларын көрүү жана аралыктарды сактоо менен окула берет.
3. Жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий