• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Муфтият: Ош шаарындагы эки медресе жана колледж обсервация катары пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Кыргызстан Ислам университетинин Ош шаарындагы «Куран жаттоо» колледжинин имараты обсервация катары пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов билдиргенин муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, колледж шаардын чок ортосунда жайгашкан, 100 орундуу, ичинде баардык шарты бар.

Ошондой эле Ош шаарында жайгашкан «Умму Мухаммад» жана «Сулайман-Тоо» медреселери обсервация катары пайдаланууга берилет. Мындай чечимди Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев чыгарды.

Анын айтымында, азыркы учурда COVID-19 вирусунун кескин жайылышынан улам ооруган адамдар көбөйгөнүнө байланыштуу Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» жана «Сулайман-Тоо» балдар медреселери обсервация катары колдонууга берүүгө даяр.

Айта кетсек, «Умму Мухаммад» жана «Сулайман-Тоо» медреселери заман талабына ылайык курулуп, баардык шартка жооп берет.

Пикир

Оставить комментарий