• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Муфтият Рамазан айындагы фитир-садаканын өлчөмүн бекитти

Коом 0

Бишкек. 06.05.19 /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы Рамазан айындагы фитир-садака берүүнүн өлчөмүн аныктады.

Садака-фитир жан башына 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы берилет. Ар бир казыяттардын берген маалыматтарына таянып ар жан башына садака-фитирдин 2019-жылдагы баасы төмөнкүдөй бекитти.

Буудай

Мейиз

Ун

Арпа

Курма

Орточо баа

21,87 сом

240 сом

25 сом

15 сом

150 сом

Өлчөм

1,600

1, 600

1, 600

3, 200

3, 200

Жалпы (Садака-фитирдин баасы)

35 сом

384 сом

40 сом

48 сом

480сом

Эскертүү: Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

Бааларды туруксуздугуна байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз.

Пикир

Оставить комментарий