• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Муфтият тармактык маркетинг, пластикалык операция жана эмдөө боюнча чечим чыгарды

Коом 0

Бишкек. 08.04.19 /Кабар/. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши үч фатва (чечим) чыгарды. Муфтияттын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, №5 фатва менен шариаттын эрежелерине карама-каршы келгендигинен улам тармактык маркетингге тыюу салынды.

Ал эми №6 фатва менен ден соолукка байланышы жок пластикалык операцияларды жасоого да тыюу салынды.

«Тубаса майыптыкты же ар кандай кырсыктардын кесепетинен ‎болгон дененин же дене мүчөлөрүнүн кемчиликтерин жоюу максатында жасалган ‎пластикалык операцияга шариатта жол берилет.‎ Ал эми эч кандай жүйөлүү себеби жок туруп, сулуулук ‎үчүн гана жасалган пластикалык операцияга шариатта тыюу салынган ‎жана арам деп эсептелет», деп жазылат фатвада.

Аалымдар кеңеши №8 фатва менен муфтият «эмдөө боюнча ар тараптуу пикирлер болгондугу себептүү эмдөө ар бир адамдын өз ыктыярында калуусун жактады».

Пикир

Оставить комментарий