• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Муфтият жана Кувейт Ислам университети имамдардын билимин жогорулатуу жаатында эки тараптуу кызматташтыкка кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Кувейт мамлекетинин Ислам университетинин шариат факультетинин деканы доктор Фахад Рашидий менен жолугушуп, имамдардын билим деңгээлдерин жогорулатуу жаатында эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Муну менен катар эки тараптуу жолугушуунун алкагында Ислам дининин маданияты, эки өлкөнүн достугунун бекемделиши жана дин кызматкерлер ортосундагы тажрыйба алмашуу жаатында пикир алышты.

Ал эми Кувейт мамлекетинин Ислам университетинин шариат факультети Кыргызстандык имамдарды кабыл алып, тажрыйба алмашуу жаатындагы кызматтарды аткарууга даяр экендигин айтышса, Азирети Муфтий дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга кошуп жактан көмөктөрүнө ыраазычыдыгын билдирди. Эки тараптуу жолугушууга Кыргызстандын Кувейтмамлекетиндеги элчиси Жусупбек Шарипов жана университеттин эмгек жамааты катышты.

Пикир

Оставить комментарий