• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Муфтият жума намазын мечитте окууга уруксат берди. Талаптар

Коом 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Бишкекте 11-июндан тарта жума намазын мечитте окууга уруксат берилди, - деп билдирет муфтияттын басма сөз кызматы.

Муфтият мечитке келгендерди санитардык эрежелерди бекем сактоого чакырат.

Муну менен катар эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республикадагы бардык мечиттерде сактык чаралардын сакталуусу талап кылынат.

Талаптар:

- күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат;

- мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү керек;

- мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо жана мечиттин сыйымдуулугунун 50% ашпоосу зарыл;

- жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;

- дааратты үйдөн алуу сунушталат;

- жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат;

- мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетүү сунушталат;

- ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.

"Республикалык штабтын чечимине ылайык, санитардык сактык чараларын толук сактоо менен бирге жалпы жарандарды беш убак намазга жана жума намазына келүүдө жогорудагы талаптарды толук сактоого чакырабыз", - деп кошумчалашты муфтияттан.

Пикир

Оставить комментарий