• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Муфтиятка Медина шаарынан 34 миң даана Куран китеби келди

Коом 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-сентябрда Сауд Арабиянын Медина шаарынан кайрымдуу инсандардын атынан Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына 16 тонна Куран китеби келди. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, жалпы 34 миң даана Куран китеби келген. Китептер диний окуу жайларга, өлкөнүн ар бир мечитине бөлүштүрүлүп берилмекчи.

"Куран китебин Кыргызстанга алып келүүдө муфтий Максатбек ажы Токтомушев бир катар мамлекеттик мекемелерге, мекендештерге муфтияттын атынан жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылыгын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий