• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Муфтияттын башкы бухгалтери камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы бухгалтери Ж.М.Бекиев камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 12-февралдагы токтомуна ылайык, Ж.М.Бекиевге карата камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалып алынды. Ал УКМКнын тергөө абагына 2021-жылдын 10-апрелге чейин сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө камакка алынды.

Эскерте кетсек, УКМК тарабынан муфтияттын каржылык мыйзам бузууларына байланыштуу тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан кошкон акчасын жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшагандыгы аныкталган.

Каржылык операциялары ачыкка чыгаргандан кийин муфтияттын жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашырганы жана кошумча тергөө иштерин токтотуусу үчүн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган. 2021-жылдын 9-февралында бул факты сотко чейинки өндүрүшкө Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү ("Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, ошол эле күнү КМДБнын башкы эсепчиси Ж.Б. УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалган.

Пикир

Оставить комментарий