• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Муфтияттын өкүлү Эратов жаштарды билим алууга чакырды

Коом 0

Бишкек. 27.02.19 /Кабар/. Муфтияттын фатва бөлүм башчысы Равшан Эратов Кыргызстандагы жаштарды билим алууга чакырды. Мындай пикирин ал Баткен мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушканда билдирди.

Эратовдун пикиринде, көпчүлүк инсандар билим албай туруп материалдык пайда көрүүгө шашылат. Бул туура эмес багытка түшүп калуу коркунучун жаратат. Ошондуктан адам баласына биринчи өзүнө билим жана руханий жактан инвестиция тартуусу маанилүү.

"Акыл менен ыйман эриш-аркак жүрүшү зарыл, – деди Эратов. – Акыл бир гана адамзатына берилген баалуу нерселердин бири. Ыйман акылды туура багытка үндөйт. Ошондуктан алган билимди ыйман менен айкалыштырып, туура пайдалансаңыздар коомго чоң пайда алып келесиңер".

Аталган семинарга Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана муфтияттын Баткен облусундагы өкүлү Кубаныч Касымов катышып, өздөрүнүн акыл-насааттарын айтышты.

Эскерте кетсек, аталган жолугушууну Баткен облустук казыяты менен Баткен мамлекеттик университети биргеликте уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий