• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Муфтийдин демилгеси менен Бишкектеги таштанды полигонунда иштегендерге ун таратылды

Коом 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Муфтий Максатбек Токтомушевдин демилгеси менен Бишкек шаарынын таштанды полигонунда иштеген жарандарга ун таратылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 12-августта муфтийдин демилгеси Бишкек шаарынын четинде таштанды полигонунда иштеген жарандарга кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду.

Иш-чарада Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын эсепчиси Султан Момунов полигондо таштанды терип, күнүмдүк оокатын өткөрүп келген 60 үй-бүлөгө 10 килограммдан ун таратты.

"Мындай кайрымдулук иш-чарасы дагы уланып, кийинкисинде 100 үй-бүлөгө берилмекчи", - деп айтылат муфтияттын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий