• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Муфтийдин м.а. Шергазыев “Хидаят” борборунун башчысы менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 18-июнда Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай Шергазыев Бириккен Араб Эмираттарындагы “Хидаят” экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык борборунун директору Али Рашид Аль-Нуайми менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу жолугушууда муфтият менен “Хидаят” борборунун кызматташуусу талкууланып, дин кызматкерлерин окуу, китептерди басуу, тажрыйба алмашуу жана экстремизмге каршы күрөшүү жаатында пикир алышты.

«Өлкө аймагында 2800 дин кызматкери, 113 окуу жайыбыз бар. Бүгүнкү күндө Ханафий мазхабы боюнча облустук казыяттарда окутуулар уюштурулуп, дин аалымдары сабак берип келишет. Максатыбыз ыймандуу коомду тарбиялап, калкыбызды терс диний агымдардан оолак кылуу», - деди муфтийдин милдетин аткаруучу.

Муну менен катар тараптар дин кызматкерлеринин фатва берүү, зекет жана вакф тармагындагы тажрыйбасын арттыруу жаатында окутууларды уюштурууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий