• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Муфтий Түркиянын дин иштери боюнча башкармалыгынын төрагасы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 14-июль /Кабар/. Азирети МуфтийТүркиянын дин иштери боюнча башкармалыгынын төрагасы Мехмет Гёрмез менен жолугушуп, диний жаатагы кызматташуу жаатында пикир алышты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Түркия мамлекетине болгон иш сапарынын алкагында Түркиянын дин иштери боюнча башкармалыгынын төрагасы, доктор Мехмет Гёрмез, дин иштери боюнча Аалымдар Кенешинин төрагасы, доктор Экрем Келеш жана Диянет фондунун жетекчилиги мененменен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу, тажрыйба алмашуу жаатында пикир алышты. Бул туурасында жеринде Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Ниязали ажы Арипов билдирди.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында Түркия Диянет Башкармалыгынын толук көмөгү менен курулуп жаткан Бишкек шаарындагы жаңы борбордук мечиттин ачылуусу, мечиттин сапаттуу иш алып баруусу, диний билим берүү, ажылык иштери, диний адабияттады көбөйтүү, Ханафий мазхабынын негизинде имамдардын, диний окуу жайлардын мугалимдеринин билим деңгээлдерин жогорулатуу, дин башкармалыктар арасындагы достук алакаларынын бекемделиши жаатында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эки тарап тең кызматташууну жакшыртууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий