• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мугалимдер арасындагы «Санариптик педагогика» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Билим 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына» карата жарыялаган мугалимдер арасындагы «Санариптик педагогика» сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, сынакка жалпы 541 мугалим катышып, алардан мектеп предметтери боюнча 2705 видеосабак келип түштү.

12 адамдан турган республикалык эксперттик кеңеш видеосабактарды сынактын жобосунда бекитилген талаптарга ылайык баалап чыгышты.

1-орунду алган мугалимдер:

  • Примбердиев Фуркат Муталибович, Жалал-Абад шаарындагы №1 М. Бабкина атындагы мектеп-гимназиясынын математика мугалими;
  • Терпугова Татьяна Витальевна, Чүй облусундагы №1 А. Пушкин атындагы мектеп-гимназиясынын башталгыч класс мугалими;
  • Эшимканов Нурдан Кырманбекович, Ысык-Көл облусундагы Тамчы гимназия-мектебинин математика мугалими.

2-орунду алган мугалимдер:

  • Арзиева Самара Жаныбековна, Зуура Нурматова атындагы Жалал-Абад кыздар лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  • Шамырзаев Илгиз Каныбекович, Ош шаарындагы №52 "Кыргыз-Түрк достугу" мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  • Байзакова Гулзара Жуманазаровна, Баткен облусундагы Кадамжай "Семетей" лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими.

3-орунду алган мугалимдер:

  • Жээналиева Гулум Шайлообековна, Жалал-Абад облусундагы №12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  • Абамисилова Бермет Кубанычбековна, Нарын облусундагы Мидин Алыбаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  • Тажикова Алтынай Маматбакыевна, Ош мамлекеттик университетинин Кара-Кулжа гимназиясынын англис тили мугалими;
  • Анатаева Рахат Жакшылыковна, Талас облусундагы Кубанычбек Нурбеков атындагы орто мектебинин математика сабагынын мугалими.

4-орунду алган мугалимдер:

  • Эрнис кызы Чынаргүл, Ош облусундагы №86 Курманжан Датка мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин математика мугалими;
  • Тайыр кызы Нургүл, Ош шаарындагы Курманжан Датка лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими:
  • Сагыналы кызы Бактыгүл, Баткен облусундагы №5 мектеп- гимназиясынын математика мугалими.

5-орунду алган мугалимдер:

  • Идирисова Умут Токтосуновна, Ысык-Көл облусундагы Качыбек орто мектебинин көркөм өнөр технология мугалими;
  • Жапар кызы Бактыгүл, Ош шаарындагы №50 П.Ж. Нышанов атындагы мектеп-гимназиясынын география мугалими;
  • Дүйшөнова Жылдыз Орозобековна, Нарын облусундагы Асылбек Молдокеев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими.

Ыраазычылык баракчасы берилчү мугалимдердин тизмеси:

  • Конурбаева Гулдесте, Ош облусундагы "Көк-Суу" орто мектебинин математика мугалими;
  • Еркимбаева Салтанат, Ысык-Көл областтык мектеп-лицей-интернатынын англис тили мугалими;
  • Кожомбердиева Асие, Чүй облусундагы №6 орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими;
  • Кудайбердиева Гульзана, Баткен облусундагы Жоомарт Бөкөнбаев орто мектебинин башталгы класс мугалими;
  • Жоробекова Гулзада, Нарын облусунун С.Атамбеков орто мектебинин башталгыч класс мугалими;
  • Закаблукова Галина, Чүй облусундагы №1 А. С. Пушкин мектеп-гимназиясынын математика мугалими;
  • Торобекова Самара, Талас облусундагы Мейилбек Орозбеков орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;
  • Субаналиева Элиза, Талас облусундагы Дооронбек Дүйшебаев орто мектеби орус тили жана адабияты мугалими;
  • Тагаева Айнур, Нарын облусундагы №2 В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими;
  • Насырова Альфия, Бишкек шаарындагы №65 лицейинин биология мугалими;
  • Великородова Марина, Бишкек шаарындагы №12 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин биология мугалими;
  • Кулова Гульмира, Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиясынын биология мугалими.

Сынакта 1-орунду алгандар ноутбук, 2-орунду алгандар планшет, 3-орунду алгандар букридер менен сыйланат. 4 жана 5-орунду алган мугалимдерге китеп сатып алуу үчүн сертификаттар берилет.

Белгилей кетсек, «Санариптик педагогика» сынагы – заманбап педагогикалык тажрыйбаны жалпылоо жана жайылтуу, педагогдордун маалыматтык-коммуникациялык жана технологиялык компетенттүүлүгүн өркүндөтүү, тармактык маалыматтык-усулдук билим берүү мейкиндигине жардам көрсөтүү максатында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий