• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мугалимдер “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамота менен сыйланышты

Билим 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Мугалимдер “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамота менен сыйланышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муунду окутуп-тарбиялоодогу жетишкендиктери жана карантин мезгилинде телесабактарга тартылгандыгы үчүн 9 мугалим “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланды. Ушундай эле эмгеги үчүн 35 мугалимге Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы тапшырылды.

Мындан сырткары карантин учурунда телесабактарга тартылган бардык мугалимдерге министрликтин ыраазычылык баракчалары берилди.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өзгөчө абал шартында аралыктан окутууга катышкан, телесабактарга тартылган бардык мугалимдерге ыраазычылык билдирди.

"Күтүүсүз кырдаалга ыкчам ыңгайлашып, бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен аралыктан окутууга катышкан бардык мугалимдерге терең ыраазычылык билдирем. Албетте, кемчиликтер, техникалык кыйынчылыктар болду. Бирок, билим берүү процесси үзгүлтүксүз улантып, окуу жылын жыйынтыктадык", - деди Исаков.

Пикир

Оставить комментарий