• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мугалимдер кайтарым байланышты бир топ өздөштүрүп калышты — министр Исаков

Билим 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Мугалимдер окуучулар менен болгон кайтарым байланышты бир топ өздөштүрүп калышты. Бул тууралуу КРнын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, алгач бир топ көйгөйлөр болсо, учурда мугалимдер бири-биринен үйрөнүп, тажрыйба алмашуу аркылуу кайтарым байланышта өздөштүрүп жатышат.

"Мугалимдер Zoom, Google classroom, Telegram, WhatsApp тиркемелери аркылуу окуучулар менен байланышка чыгып, жаңы теманын мазмунун бышыктап, суроолоруна жооп берип, тапшырмаларды берип жатышат. Бул багытта атайын нускамаларды иштеп чыгып, мугалимдерге жана окуучуларга жеткиргенге аракет кылуудабыз", - деп баса белгиледи ал.

Эске сала кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектепке даярдоо жана 1-11-класстар үчүн IV чейректин сабактары 8-апрелден тартып дистанттык түрдө башталган.

Буга чейин тартылып, даярдалган видеосабактар “Баластан” КТР (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим Билим” ЭлТР (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана "Санат", "Пирамида", "5-каналдарынан" эфирге берилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий