• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Мугалимдер кезексиз каникулга чыгат – Өмүрбекова

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Мугалимдер кезексиз каникулга чыгат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңеште коронавирус боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Жыйында депутат окуучулар эс алууга чыкканын, бирок мугалимдер мектепке келүүгө аргасыз болуп жатканын айтып, бул маселе каралабы деген суроо койгон.

"Билим берүү министрлигинин чечими менен мугалимдер кезексиз каникулга чыгат. Бирок мектепти аяктап жаткан класстардын жетекчилери келип турушат. Алардын айрым жумуштары бар. Бирок алар эркин келип-кете алышат. Алардын иштери жалпы республикалык тестирлөө менен байланыштуу. Калган мугалимдердин баары каникулда болот", - деди ал.

Ал белгилегендей, бул чечим бала бакчаларда иштеген тарбиячыларга да тиешелүү. Эскерте кетсек, эртең, 20-марттан тарта бала бакчалар да эс алууга чыгат.

Белгилей кетсек, өкмөт башчы кезексиз каникул учурунда мугалимдерге (менчик эмес мекемелердин) маяна төлөнөрүн билдирген.

Белгилей кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий