• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мугалимдер маянасы жогорулабаса же башка маселелер боюнча райондук борбордо атайын түзүлгөн бөлүмгө кайрылса болот

Коом 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Мугалимдер маянасы жогорулабаса же башка маселелер боюнча райондук борбордо атайын түзүлгөн бөлүмгө кайрылса болот. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупова билдирди.

Ал белгилегендей, ар бир райондук борбордо директор, бухгалтер, экономист, министрликтин кызматкерлеринен турган атайын бөлүмдөр түзүлгөн.

"Ал бөлүмдөргө мугалимдер ар кыл маселе боюнча, бир нерсеге арыздануулар болсо же айлык маянасы жогорулабаса кайрылса болот", - деди ал.

Ал, кайрылуулар боюнча дароо чара көрүлөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий