• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мугалимдер жана мектеп окуучулары үчүн акысыз “Мега 24” тиркемеси ишке кирди – Каныбек Исаков

Билим 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Бардык мектеп окуучулары жана мугалимдер үчүн акысыз “Мега 24” тиркемесин ишке киргиздик. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

Анын айтымында, республиканын бардык мектеп окуучулары жана мугалимдери үчүн “Мега 24” тиркемеси ишке кирди. “Альфа телеком аркылуу биз чоң долбоорду ишке ашырдык. Айта кетсек, бул долбоор алкагында биз “Мега 24” тиркемесин ишке киргиздик. Бул тиркемени ар бир мугалим, ар бир окуучу акысыз колдоно алат. Тиркеме аркылуу интернет жок жерлерде да биринчиден окуучу менен мугалимдин байланышы түзүлөт, экинчиден кандай билим берүү маселелери боюнча программалар, электрондук байланыштар болсо ошонун баары ал жерге жүктөлөт”, - деп кошумчалады ал.

Исаков билдиргендей, мындан тышкары “Китеп 50. kg”, “Лип. kg” сайттарында дагы "Ай билим" программасы толук жайгаштырылды. “Ай билим программасы бул башталгыч мектептин окуучулары үчүн билим азыктарын берсе, ал эми “Билим булагы” программасы орто жана жогорку класстарды толук электрондук форматтагы окуу материалдары менен камсыз кылган, жаңы сабактын түрлөрүн, жаңы технологиялар менен сунушталган кызыктуу сабактардын топтому. Биз ушул сайттар аркылуу да мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче маалыматтарды берүүгө аракет жасайбыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий