• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мугалимдерди кайсы бир талапкер үчүн үгүт иштерин жүргүзүүгө мажбурлоого эч кимдин укугу жок – Жусупбекова

Коом 0

Бишкек, 24.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мугалимдерди кайсы бир талапкер үчүн үгүт иштерин жүргүзүүгө мажбурлоого эч кимдин укугу жок. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, мугалим иш убактысынан сырткары КР жараны катары президенттикке талапкерлердин үгүт иш-чараларын көрүүгө бара алат.

"Бирок аларды мажбурлоого эч кимдин укугу жок. Ошондой эле мугалим ишинен убактылуу бошонуп, шайлоо комиссиясына иштей алат", - деди ал.

Жусупбекова белгилегендей, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мугалимдерди тигил же бул талапкерди шайлаттырууга мыйзам жол бербейт.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий