• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мугалимдерди сөккөн Анжиян акиминин иши сотко өттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.12.17 /Кабар/. Өзбекстанда прокуратура Анжиян акиминин бир катар билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сөккөнүн аныктады. Иш сотко өткөрүлдү.

Анжиян облустук прокуратурасы билдиргендей, чиновниктин аракетинде административдик мыйзам бузуунун белгилери болгон. Акимге карата иш козголуп, документтер Анжиян облустук административдик сотуна өткөрүлүп берилген.

Анжиян шаарынын акимчилигинин кызматкери Рахматуллаевдин соту баштала электигин билдирди. Анын айтымында, чиновник айыппулга жыгылуусу мүмкүн. “Шаар башчысы азыр өз кызматын аткарып жатат. 25-декабрда эртең менен ал жыйын өткөрүп, элдерге өтө сылык мамиле жасады”, – деди ал.

Рахматуллаев депутат катары кол тийбестик макамга ээ. Бирок Анжиян шаардык кеңеши аны кол тийбестик укугунан убактылуу ажыраткан.

16-октярда Рахматуллаев пахта теримге жетиштүү киши чогултпаганы үчүн жергиликтүү колледждердин, академиялык лицейлердин директорлорун жыйын учурунда ыпылас сөздөр менен сөккөнү белгилүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий