• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мугалимдердин апрель айындагы айлыгы "Коопсуз шаардын" эсебинен төлөнөт - мэрия

Билим 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы эки райондун мугалимдерине төлөнбөй калган айлык акысын төлөй баштайт. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине вице-мэр Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, шаардагы эки райондун мугалимдери апрель айынын айлык акысын алган эмес.

"Шаардын экономикасы начарлагандыктан мугалимдердин айлык акысын төлөөгө каражат жетпей калган. Шаардык бюджетке "Коопсуз шаардын" былтыркы жылдын 73 млн сом акча каражаты түштү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий