• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мугалимдердин чеберчилигин жогорулатуу боюнча электрондук алыстан окутуулар ишке кирет

Коом 0

ишкек, 20.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда мугалимдердин чеберчилигин жогорулатуу боюнча электрондук алыстан окутуулар ишке кирет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтуусунда, билим берүүнүн сапатын, мугалимдердин чеберчилигин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында атайын электрондук алыстан окутуулар иштелип чыккан.

“Эгер буга чейин биз бир жылда 5 миңге жакын гана мугалимдерди окута алган болсок, эми бул курстардын жардамы менен 15 миңге жакын мугалимди окута алабыз. Биз билимдин сапатын жогорулатуу маселесин комплекстүү кароодобуз”, - дейт Н.Жусупбекова.

Ал кошумчалагандай, адегенде бул окутуулар интернетке туташкан инновациялык мектептерде киргизилет. Андан кийин жылдын аягына чейин баардык мектептерде киргизилет. “Кыргызстандын баардык мектептерин ушул жылдын аягына чейин интернет менен камтууга аракет жасоодобуз. Жада калса өлкөнүн эң алыскы аймактарындагы мектептерди дагы”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий