• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында дистанттык форма киргизилди – Жусупбекова

Билим 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында дистанттык форма киргизилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, бир гана балдардын билимине көңүл бурулбастан, мугалимдердин билим сапатына да маани берилиши керек.

"Мугалимдер квалификациясын жогорулатуу үчүн салтка айланып калган окуусунан өтө берет. Бирок, ошону менен бирге дистанттык форма киргизилди. Анткени, жылына мугалимдердин 20%ы квалификацияны жогорулатып турса, анда билим сапаты өнүгүп жатканынан кабар берет. Бул форма Бишкек менен Чүйдө сыноодон өттү. Эми бүт республикада жайылып жатат", - дейт Жусупбекова.

Ал кошумчалагандай, 2019-жылы мектеп окуучуларына альтернативдик олимпиада киргизилген.

"Быйыл альтернативдик олимпиаданы киргиздик. Салтка айланган олимпиадага катыша албай калгандарга жакшы мүмкүнчүлүк. Учурда альтернативдик олимпиаданын ишке ашырууда үчүнчү этабына жакындап калдык. Жакында бүтүрөбүз. Белгилеп кетсек, аталган олимпиада аймактарда абдан жакшы колдоо тапты", - деди Жусупбекова.

Пикир

Оставить комментарий