• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мугалимдердин маянасы 30%га көтөрүлөт - өкмөт башчы

Коом 0

Чолпон-Ата, 23.08.19. /Кабар/. Ушул жылдын 1-октябрынан тарта мугалимдердин маянасы 30%га көтөрүлөт. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарындагы Мугалимдердин конференциясында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Ал, мурда 12 миң сом алып жүргөндөр 18 миң айлык ала баштай турганын белгиледи.

"Биздин максат 25-30 миңге чейин көтөрүү. Ошондой эле турак жайга да көңүл бурабыз. Жалпы ипотекага 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Турак жай маселесин чечебиз. Жаңы программаларды иштеп чыгуудабыз", - деди ал.

Ал белгилегендей, 120 миң кишинин айлык маянасы көтөрүлөт.

Ал үчүн ушул жылдын үч айына 2 млрд сом керектелет.

"Келерки жылга карата 2020-жылдын бюджетинде 8 млрд сомго жакын каражат керектелет. Ал каражат кайсыл жактан алынары такталган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий