• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мугалимдердин орточо айлык акысы дээрлик 14 миң сомду түзөт – билим берүү министри

Коом 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Расмий маалыматтар боюнча, мектеп мугалимдеринин орточо айлык акысы 13 миң 800 сомду түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, жаш адис 8 миң сом алат.

"Айлык акы 3 бөлүктөн турат – базалык, кементе жана демөөрчү бөлүк. Базалык бөлүгү өтүлгөн сааттан турса, кементе бийик тоолуу ж.б. үчүн төлөнөт. Демөөрчү бөлүк маянага кошумча 10% өлчөмүндө берилет", - деди ал.

Ал белгилегендей, мугалимдер мамлекеттик ипотека боюнча менчик үйгө ээ болууга мүмкүнчүлүгү бар.

Пикир

Оставить комментарий