• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мугалимдерге окуучулардын билимин баалоо тесттери сунушталат - Билим берүү министрлиги

Билим 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде аралыктан окутуунун киргизилгенине байланыштуу жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдерине 4-11-класстардын окуучуларынын билимин аралыктан баалоону сунуштайт.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, мектептер иш жүргүзүүнүн ыкмасы (тармакты, интернет технологияларын алыстан колдонуу) менен өткөрүү мөөнөттөрүн ѳз алдынча тандай алышат. Тесттик тапшырмалар Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору (ББСБжМТУБ) тарабынан окутуу программалары менен мѳѳнѳттѳрүнѳ ылайык сунушталат.

  • 6- апрель (ѳтүлгѳндѳрдү кайталоо)
  • 13- апрель (ѳтүлгѳндѳрдү кайталоо)
  • 20- апрель (ѳтүлгѳн темалар, 4-чейрек)
  • 30- апрель (ѳтүлгѳн темалар, 4-чейрек)
  • 20-май (жыйынтыктоочу)

Тапшырмалар кыргыз жана орус тилинде, 4-класстын окуучуларына 3 сабактан (Математика, Эне тили, Мекен таануу), ошондой эле орто жана жогорку класстардын окуучуларына (5-11 класстар) 11 сабактан сунушталат.

Нускама, тесттик тапшырмалар жана баалоо чен-ѳлчѳмдѳрү министрликтин порталына жана борбордун сайтына жайгаштырылат. Бардык суроолор боюнча тѳмѳнкү телефондор боюнча кайрылыңыздар: +996 551 157378, +996 500 157378, +996 553 230750.

Пикир

Оставить комментарий