• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мугалимдерге онлайн окутуу усулдары боюнча вебинарлар сериясы өткөрүлөт. Жадыбалы

Билим 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Мектеп мугалимдери жана ЖОЖ окутуучуларына 24-30-август күндөрү онлайн окутуу усулдары боюнча вебинарлар сериясы өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, вебинарлар сериясын Билим берүү жана илим министрлиги менен “Онлайн университет” биргеликте өткөрөт.

Вебинарларда онлайн окутуу программалары жана алардын түрлөрү, өзгөчөлүктөрү, функциялары тууралуу практикалык негизде кенен маалыматтар берилет. Видео-сабак даярдап жаздыруу жана аны онлайн ресурстарга жайгаштыруу, онлайн сабак жана сынактарды уюштуруу ыкмалары үйрөтүлөт. Ошондой эле сабакты кызыктуу жана эсте каларлык презентациялоо ыкмалары, камеранын алдында туруп сүйлөө эрежелери жана сторителлинг сыяктуу заманбап педагогикалык ыкмалар тууралуу маалыматтар сунушталат.

Булардан тышкары мугалимдер үчүн зарыл болгон дикция жана үндүн тембрин жакшыртууга багытталган базалык көнүгүүлөр көрсөтүлүп, сүйлөө учурунда туура дем алуу техникасын, интонацияны байытуунун көндүмдөрүн, кыргыз тилинин негизги орфоэпиялык (туура сүйлөө) нормалары тууралуу пайдалуу маалыматтар берилет.

Вебинарлардын жадыбалы:

24-август, 17.00-18.30

“Active Presenter менен видео-сабак жаздыруу” - Рита Исмаилова

Вебинарга катышуу шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/82515035066

25-август, 17.00-18.30

“Google Classroom менен онлайн сабак өтүү жана онлайн сынак уюштуруу” - Мирлан Нуркамилов

Вебинарга катышуу шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/86720867028

26-август, 17.00-18.30

“Презентация жасоо ыкмалары жана Zoom Breakout Rooms” -

Назима Туланова жана Элира Турдубаева

Вебинарга катышуу шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/82250150480

27-август, 17.00-18.30

“Видео-сабакты редакциялоо жана онлайн ресурстарга жайгаштыруу” - Мирлан Нуркамилов

Вебинарга катышуу шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/87197309555

28-август, 17.00-18.30

“Peardeck аркылуу онлайн-сабак өтүү” - Динара Абакирова

Вебинарга катышуу шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/81179540585

29-август, 17.00-18.30

“Онлайн сабак өтүү маданияты жана этикасы” - Айнура Кабатай кызы, Гүлзада Станалиева жана Нурсултан Станалиев

Вебинарга катышуу шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/87908155507

Пикир

Оставить комментарий