• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Муканова: Шайлоо процессинин жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. КР президентинин алдындагы Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова брифингде шайлоо процессинин жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар катталбагандыгын билдирди.

Анын айтымында, келип түшкөн арыздар жана даттануулар боюнча активдүү иш жүргүзүлүүдө. Азыр адамдарды ташуу боюнча арыз текшерилип жатат.

“Бүгүнкү күндө кырдаал тынч, эл дагы жакшы ой менен добуш берүүгө барууда. Эл тарабынан өз добуштарын сатпагандары айтылууда, анткени алар өлкө үчүн жоопкерчилигин сезүүдө”, - деди Муканова.

Пикир

Оставить комментарий