• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйнөлүк банктын Улук вице-президенти менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйнөлүк банктын Улук вице-президенти Сендри Окоро менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташууну тереңдетүү, КРны социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоолорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Премьер-министр белгилегендей, учурда 2040-жылга чейин узак мөөнөттүү өнүктүрүү стратегиясы ишке ашырылып жатат, ал кыйла активдүү жана максаттуу багытталган мамлекеттик экономикалык саясатты ишке ашырууну көздөйт.

"Бул максатта "Биримдик, Ишеним, Жаратмандык" программасы иштелип чыккан жана жактырылган. Өкмөт үчүн дагы бир маанилүү программа "Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга карата аймактык саясат концепциясы", анын алкагында аймактык деңгээлде жалпы аймак үчүн "өнүгүү түйүнүнө" айлануучу тандалган шаарларды өнүктүрүү каралган жана башка аймактар үчүн таасирдүү үлгү болот", - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал ошондой эле Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын алкагында орто мөөнөттүү мезгилге өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу жаатында кыйла артыкчылыктуу тармактар - "Биримдик, Ишеним, Жаратмандык" программасынын алкагында инвестициялык долбоорлорду, ошондой эле аймактарды өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу болуп саналарын белгиледи.

Өз кезегинде Сендри Окоро белгилегендей, Дүйнөлүк банк Өкмөттүн өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга багытталган күч-аракеттерин колдойт.

"Кыргызстандын аймактардын экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча келечеги кең. Биз өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөр менен биргеликте кыргызстандыктарга алардын жашоо сапатын жакшыртуу жана өнүгүү мүмкүндүктөрүн кеңейтүү боюнча колдоо көрсөтүүгө даярбыз", - деди Сендри Окоро.

Мухаммедкалый Абылгазиев жана Сендри Окоро Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы коюлган максаттарга жетишүү жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздоодо кызматташууларын өнүктүрүүгө макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий