• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекетке 50 млн сом төлөп, үй камагына чыкты

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, 20-августта райондук сотко Абылгазиевдин ден соолугунун начарлашына жана келтирилген зыяндын ордун толтуруп бергендигине байланыштуу анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Башкы прокуратура арыз менен кайрылган.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Мухаммедкалый Абылгазиев сыртка чыкпоо тил каты менен үй камагына алынган. Ошондой эле ал мамлекетке 50 млн сом төлөп берген. Абылгазиев тергөө аяктаганга чейин үй камагында болот.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 26-январында коррупция жана мыйзамсыз боюу фактысы боюнча мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий