• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мухаммедкалый Абылгазиев OGP алкагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 17-июлда, Тбилиси шаарында «Ачык Өкмөт» саммитине катышуу алкагында «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү Эл аралык демилгесинин (OGP) башкы директору Санджай Прадхан менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

«Кыргыз Республикасы 2017-жылдын ноябрь айында «Ачык Өкмөт» демилгесине кошулган, анткени бул өлкөдөжүргүзүлүп жаткан демократиялык реформалардын максаттарына дал келет», - деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасы 8 жыл мурда парламенттик өнүгүү жолуна тандап алган, аныналкагында жаңы Конституция кабыл алынган жана мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо жүргүзүлгөн, агабайланыштуу өлкөдө Парламентке маанилүү орун берилген.

«Өлкөдө 2015 жана 2017-жылдары өткөрүлгөн парламенттик жана президенттик шайлоолор эл аралык коомчулуктарабынан ачык-айкын жана демократиялык принциптерге жооп берген шайлоолор катары таанылды. Мунун бардыгы жарандык коом менен тыгыз жүргүзүлгөн ишке жараша орун алды», - деди ал.

Премьер-министр белгилегендей, «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү Принциби» Кыргыз Республикасына тааныш.

«Биз белгилүү жетишкендиктер менен чектелип калбайбыз, Өкмөт өз алдына амбициялуу максаттарды коюп, өлкөжана жарандык коомдун кызыкчылыктарына жооп берген бир катар реформаларды жүргүзүүгө ниеттенүүдө», - депбелгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда Өкмөт өз чечими аркылуу «Ачык Өкмөт» улуттукфорумун түзгөн, анын курамына өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана жарандык секторунун өкүлдөрүнөнтурган 34 мүчөсү теңме-тең катышта кирген.

«Бүгүнкү күндө улуттук форум коомдук талкууга салынып жаткан 18 демилгени жактырган, натыйжада, аны ишке ашыруу боюнча эки жылдык Иш-аракеттер планы иштелип чыгат. Жакынкы арада Өкмөт өз алдына аталганулуттук Иш-аракеттер планын бекитүү жана аны «Ачык Өкмөт» Эл аралык демилгесине жөнөтүү максатын коюуда», - деди ал.

OGP башкы директору Санджай Прадхан уюм Кыргызстандын «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгүнө кошулуусуна кубанычта экендигин канааттануу менен белгилеп, өлкөдөгү оңдуу демократиялык өзгөрүүлөргө басым жасады.

«Кыргыз Республикасы келечекте аймакта ачыктык боюнча лидер болушу ыктымал. Кыргыз Республикасынын OGPга мүчөлүгү мамлекеттик башкаруу натыйжалуулугун жакшыртууга, мамлекеттик органдардын ишине карайкалктын ишеним артуусун жогорулатууга жана дүйнөлүк коомчулуктагы өлкөнүн аброюн жакшыртууга шарт түзөт», - деп белгиледи Санджай Прадхан.

OGP директору Уюмга мүчө болуу натыйжасында оңдуу жыйынтыктарга ээ болгон чет мамлекеттердин ийгиликтүүжыйынтыктары тууралуу айтып берди.

«Ачык Өкмөт» - жарандар жана мамлекеттик түзүмдөр ортосундагы өз ара аракеттешүү, анын натыйжасында экитарап тең пайда таба алат», - деди Санджай Прадхан.

OGP директору Кыргызстанга улуттук Иш-аракеттер планын ишке ашыруу үчүн эксперттик көмөк көрсөтүүгө,ошондой эле эл аралык уюмдарды жана финансылык институттарды тартууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигинбилдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Өкмөт башчы Санджай Прадханды үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтүүчү Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышына катышууга чакырды.

Белгилесек, жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир катар депутаттары жана жарандык коом өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий