• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мухаммедкалый Абылгазиев президенттин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өмүр баяны

1968-жылдын 20-январында Нарын областынын Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган.

1994-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун, 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаган.

Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

ЭМГЕК ИШМЕРДИГИ:

1994-1995-жж. - «Кыргызстан» финансылык-агроөнөр жай компаниясынын директорунун орун басары;

1995-1997-жж. - «Ажар» ЖЧКнын аткаруучу директору;

1997-1998 –жж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонддун эксперти;

1998-1999 –жж.- Биринчи май райондук калкты ишке жайгаштыруу башкармалыгынын начальниги;

1999-2003-жж. - Бишкек шаардык калкты ишке жайгаштыруу департаментинин директору;

2003-2009-жж. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун начальниги, Аппарат жетекчиси, Башкармалыгынын мүчөсү;

2009-2010-жж. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;

2010-2016 жж.- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;

2016-2017 жж.- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри;

08.2017-09.2017-ж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;

2017-жылдын 12-сентябрынан - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары.

2018-жылдын 16-мартынан - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий