• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусуна барат

Өкмөт 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 6-7-июлда эки күндүк жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы аймактын объектилеринин 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыгын текшерип, "Балыкчы-Корумду" унаа жолунун, Ысык-Көл районундагы альтернативалык "Семеновка-Григорьевка" унаа жолунун курулушун
карап чыгат жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун ишмердиги менен таанышат.

Премьер-министр 2018-жылдагы жайкы туристтик мезгилди уюштуруу боюнча көчмө жумушчу кеңешме жана Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында иш-чараларды ишке ашыруу боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрөт. Ак-Суу районундагы дыйкан чарбанын ишмердиги, Каракол шаарынын ички жолдорунун жана Тоң районунун Дөң-Талаа айылындагы орто мектептин абалы менен таанышып, ошондой эле Жети-Өгүз районунун дыйкандары менен жолугушмакчы.

Пикир

Оставить комментарий