• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Токтогул ГЭСин жана Камбар-Ата 2-ГЭСин, ошондой эле Нарын ГЭС каскадына кирген бир катар гидроэлектростанцияларды калыбына келтирүү жана реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Ошону менен бирге Премьер-министр дыйкандар менен жолугушуп, Бишкек-Ош жолунун тилкесине барды жана Б.Рысбеков атындагы оорукана медициналык кызматкерлери үчүн салынып жаткан турак үйдүн абалы, Таш-Көмүр шаарындагы кремнийди кайра иштетүүчү «Кварц компани» компаниясы жана Кара-Көл шаарындагы «Эфтар Агрокомплекс» балык чарбасынын иши менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий