• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мухаммедкалый Абылгазиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Коом 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Кыргызстандын экс-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Аталган маалыматты "Кабар" агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) басма сөз кызматынан тастыкташты.

Финполдон азырынча иштин чоо-жайын так айта албай тургандыктарын билдиришти.

Эгерде мурдагы премьер Кыргызстандан чыгууга аракет кылса, анда ал чек арадан кармалат.

Пикир

Оставить комментарий